Кыргызстандыктар үчүн Түркияга ID-карта менен кирүү, визасыз жүрүүнү узартуу талкууланды
RU

Кыргызстандыктар үчүн Түркияга ID-карта менен кирүү, визасыз жүрүүнү узартуу талкууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызматынын башчысы Хайрие Нурдан Алтунташ менен жолукту. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Жолугушууда кыргыз жарандарынын Түркияда жашоосу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өз ара сапарларга байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды.

Элчи төмөндөгүдөй сунуштарды келтирди:

  • Түркиядагы кыргыз жарандары үчүн жашап турууга уруксаттын (oturma izni) баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • "Кара тизмедеги" Кыргызстандын жарандары Түрк Республикасына кире албай жаткан кыйынчылыктар тууралуу;
  • Түркияга виза алуу үчүн документтерди кабыл алган визалык борбордун кызмат көрсөтүүлөрүнүн кымбаттаганына көңүл буруу;
  • Ош шаарында визалык борбордун филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
  • Кыргызстандын жана Түркиянын жарандарынын ID-карталар боюнча өз ара сапарга чыгуу мүмкүнчүлүгүн кароо;
  • Кыргызстан Түркия жарандары үчүн визалардын баасын төмөндөтүүгө даярдыгын айтты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Түркиянын аймагында визасыз режимди узартуу маселеси талкууланды. Бул боюнча эксперттик жолугушуу уюштуруу макулдашылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10797