Түркияга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 100 миллион сом чогулду
RU

Түркияга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 100 миллион сом чогулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

10-мартка карата Түркияга жардам көрсөтүү үчүн атайын эсепке 100 миллион сомго жакын каражат түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин сайтында маалымдалды.

Эсеп ачылгандан бери 100 559 400,12 сом, ошондой эле дагы 18 250 рубль жана 65,67 доллар түшкөн.

Каржы министрлиги табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо акча которсо болорун белгилейт.

Эске салсак 6-февралда Түркияда күчү 7,8 жана 7,7 баллга жеткен эки жер титирөө болуп, алар Сириянын бир катар аймактарында да жабыркаган. Бул жер титирөө Түркияда 1939-жылдан берки эң чоң жер титирөө болду. Өлкөдө 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланган.

Түркия элчилиги гуманитардык жардам чогултулганын жарыялап, Кыргызстан Түркияга куткаруучулар тобун жөнөткөн. Акыркы маалыматтарга караганда, 47 миңден ашуун адам набыт болуп, дагы 115 миңи жарадар болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10805