Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган баткендиктердин 36 млн.сом кредити жоюлду
RU

Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган баткендиктердин 36 млн.сом кредити жоюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банк 2022-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган жарандардын насыясы боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Маалым болгондой, финансы-кредит уюмдарына мурун кредит алган 514 адам кайрылган.

Буга ылайык, 36,2 миллион сом суммасында 377 кредит жоюлган.

Ал эми 66,5 миллион сомдук 227 насыя реструктуризацияланган. Анда төлөө мөөнөтү жылдырылып же пайыздар азайтылышы мүмкүн.

Мындан тышкары өткөн жылдын 18-ноябрынан быйылкы жылдын 28-февралына чейин Баткен облусунда 2 миллиард 799,9 миллион сомго 27 207 кредит артыкчылыктуу тартипте берилген. Ошондой эле "Кепилдик фонду" ишканасы баткендиктерге 115,5 млн. сом суммасында 228 кепилдик берген.

Улуттук банк азыр дагы финансы-кредиттик уюмдар Тажикстандын куралдуу агрессиясында жабыркаган баткендиктерден келип түшкөн бардык арыздарды карап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10813