Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майга дайындалды
RU

Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо 14-майга дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган парламенттик жана президенттик шайлоонун мөөнөтүн 14-майга дайындады. Бул тууралуу чечимге Эрдоган 10-мартта кол койду.

Эске салсак, 6-мартта оппозициялык Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкерлигин көрсөткөн.

Ал эми учурдагы бийликтен Режеп Тайып Эрдоган өзү талапкер болору айтылып келет. Бирок, расмий маалымат жарыялана элек.

Оппозиция тарап эгер жеңишке жетсе, президенттин айрым ыйгарым укуктарын кыскартып, парламенттик башкарууну бекемдөөнү убадалап жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10819