Кыргызстанда "Мекен-карт" алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат
RU

Кыргызстанда "Мекен-карт" алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-мартынан баштап "Мекен-карт" документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:

  • Кыргызстандын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борборлоруна;
  • Кыргызстандын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:

  • Кыргызстандын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу;
  • жашап турууга уруксат тариздебестен, өлкөдө туруктуу жашоо;
  • эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргызстандын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;
  • саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта төлөө;
  • жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;
  • Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.

Жогоруда көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен "Мекен-карт" документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.

"Мекен карталарын" алуу үчүн документтердин тизмеси Эмгек, социалдык коргоо жана миграция, Тышкы иштер министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайттарында жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10823