Депутаттар порносайттарга тыюу салууну сунуштап жатышат. Бул зордук-зомбулукту азайтабы?
RU

Депутаттар порносайттарга тыюу салууну сунуштап жатышат. Бул зордук-зомбулукту азайтабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин сегиз депутаты Марлен Маматалиев, Медер Алиев, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Султан Айжигитов, Алишер Эрбаев, Нурлан Ражабалиев жана Эмил Жамгырчиев Кыргызстандагы интернет колдонуучуларга порнографиялык мазмундагы сайттарга кирүүгө тыюу салууну сунуштоодо.

Эл өкүлдөрү мындай жол менен моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарды коргоп, "жыныстык кол тийбестикке жана сексуалдык эркиндикке каршы кылмыштарды, ошондой эле инсандын руханий жана адеп-ахлактык ден соолугуна каршы кылмыштарды болтурбоого" болот деп деп эсептешет.

Негиздемеде акыркы 20 жылдын статистикасы боюнча катталган кылмыштардын жалпы түзүмүндө зордуктоо 1 пайызга жакын болгону айтылат.

2021-жылы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 632 зордуктоо катталган. 2018-жылга салыштырмалуу мындай кылмыштар 2,6 эсеге көп болгон.

"Мамлекет жасалган кылмыштардын кесепеттери менен гана күрөшөт, анын алдын алып, бөгөт койбойт. Буга байланыштуу профилактикалык иш-чараларга көбүрөөк күч-аракет жумшоо жана кылмыштардын бул түрлөрүнүн өсүү себептери менен күрөшүү зарыл", - деп эсептешет жаңы мыйзам долбоорунун авторлору.

Депутаттар интернет кылмышкерлердин жабырлануучулар менен байланышын бир топ жеңилдетип жатканын айтышып, бул мыйзам зордук-зомбулук менен күрөшүүгө жардам берет деп ишенишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10824