Президент бажыдагы коррупция тууралуу: 40 млрд. сом азыр бюджетке түшүп жатат
RU

Президент бажыдагы коррупция тууралуу: 40 млрд. сом азыр бюджетке түшүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурда бажы тармагынан саналуу адамдардын чөнтөгүнө миллиарддаган акчалар агып кирип турган. Ал система азыр жок. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында мурдакы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллард сом акча бюджетке түшп жатат.

"Мындан ары да - мен бийлик башында турганда болбойт. Ошол системаны 2021-жылдын аягы барып араң сындырдык. Ошондон кийин мурда бюджетке 38 миллиард сом чогултуп жүргөн бажы тармагы 2022-жылы 78 миллиард сом акча чогултту. Бул деген сөз мурдакы сол чөнтөккө түшүп жүргөн 40 миллард сом акча бюджетке түштү деген сөз. Бул жылы 90 миллиарддан ашырасыңар деп план коюп бердим",-деп билдирди ал.

Садыр Жапаровдун айтымында коррупция 100 пайыз жок кылына элек.

"Азыр да майда-чүйдө коррупциялары бар. Пенде болгондон кийин пендечилик кылышат экен. Кармалып жатышат. Уурдаганын эки-үч эселеп кайтарып берип бошоп атышат. Бара-бара майда-чүйдө коррупцияларын дагы жок кылабыз",-деп билдирди президент.

Мамлекет башчы жемкорлукту толук жоюуга иштер жасалып жатканын айтып, толук тамырын кыркканга убакыт керек болуп жатканын белгилеген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров аталган агенттикке жогорудагы маекти эки ири инвестициялык долбоор, президент менен сүрөткө түшкөн Хабибулла Абдукадыр тууралуу талкуулардан соң берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10830