Армения ЖККУнун жетекчилигине катышуудан баш тартты
RU

Армения ЖККУнун жетекчилигине катышуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Армениянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ваан Унанян Ереван ЖККУнун башкы катчысынын орун басарынын квотасынан баш тартып жатканын билдирди. Бул тууралуу "Арменпресс" агенттиги жазды.

"Биз ЖККУга тиешелүү сунуш киргиздик", - деди Унанян.

Азыр ЖККУну Казакстандын өкүлү Имангали Тасмагамбетов жетектейт. Башкы катчынын үч орун басары бар - Валерий Семериков (Россия), Самат Ордобаев (Казакстан) жана Тахир Хайрулоев (Тажикстан). Секретариатка Армениядан чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Сурен Давтян жана иштер бөлүмүнүн башчысы Ара Бадалян катышууда.

Буга чейин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өлкөнүн Коргоо министрлиги ЖККУнун бейпилдик контингенттеринин өлкөдө "Бузулбас бир туугандык – 2023" машыгуусун өткөрүү максатка ылайыксыздыгы тууралуу маалымат бергенин билдирген. ЖККУнун биргелешкен штабы бул маалымат менен кабардар болгонун ырастап, ЖККУга мүчө башка мамлекеттердин аймагында машыгууларды өткөрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда.

10-мартта Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров машыгуу өткөрүлөрүн ырастады.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан ЖККУнун "Бузулбас бир туугандык – 2022" машыгуусун республиканын аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги 2022-жылдын 9-октябрында билдирген.

ЖККУга Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия Федерациясы жана Тажикстан кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10832