Нарындын тургундары президент менен жолугуп, көйгөйлөрүн айтышты
2098
Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Нарын облусуна иш сапары менен барды. Өлкө башчы жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрүп, "Нарын" аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты.
Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, жергиликтүү тургундар облустук администрациянын алдына чогулуп, контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) киргизүү, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун көбөйүшү, шаардын жана облустун инфраструктуралык көйгөйлөрү, ошондой эле жеке маселелерин көтөрүштү.slide 2 of 5
Көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча тиешелүү түзүмдөргө тапшырмалар берилип, Садыр Жапаров аларды приоритеттүүлүгү менен чечүүнү тапшырды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/10836