Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү тазаланып, жол ачылды
RU

Бишкек-Ош жолундагы кар көчкү тазаланып, жол ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-мартта Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына, тагыраагы, "Чычкан" капчыгайында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылган.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматына ылайык, кар көчкү саат 13:30 чамасында түшүп, көлөмү болжол менен 2640 м3 түзөт.

"Кыргызавтожол" ишканасы учурга карата Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайы кар көчкүдөн толук тазаланып, бардык унаалар үчүн каттам ачылганын маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10837