Чамдаңыз! Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундары үчүн ачык сынак жарыялады
RU

Чамдаңыз! Билим берүү министрлиги мамлекеттик кызмат орундары үчүн ачык сынак жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына ачык конкурс жарыялады.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер керек:

  • арыз;
  • өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4);
  • резюме;
  • соттолбогондугу тууралуу маалымат;
  • нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо, аны ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
  • илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
  • паспорттун көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалым каты.

Документтер 11-марттан тартып 28-март, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10844