Бардыгы резервде. Эки жылдан бери Кыргызстан алтынын сата элек
RU

Бардыгы резервде. Эки жылдан бери Кыргызстан алтынын сата элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан акыркы эки жылдан бери алтынды экспортко чыгарган эмес. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кумтөрдө казылган алтын эч жакка сатылган жок. Ал өлкөнүн резервдерин көбөйтүү үчүн казынага сакталууда.

"Кумтөр" ишканасынын башка кендерден чыккан алтынды өкмөт борбордук банк (Улуттук банк) аркылуу сатып алат. Каржылык мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, ушундай жол менен корубузду көбөйтүүнү чечтик", - деди ал.

Буга чейин Кыргызстандын Улуттук банкы акыркы эки жылда 46,7 тонна алтын топтогонун билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10848