Ошто таңга маал таксистти тоногон жаран камакка алынды
RU

Ошто таңга маал таксистти тоногон жаран камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда таксисттин акчасын жана кышкы күрмөсүн тоногон жаран кармалды. Облустук милициядан кабарлашкандай, шектүү айдоочунун денесине да жаракат келтирген.

Такталгандай, Ош шаарынын 26 жаштагы М. уулу Б. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 25-январдын таңында саат 05:00 чамасында такси кызматы керек деп чалуу болгонун, Кара-Суу районунун аймагында бир дарекке жеткенде белгисиз жаран денесине жаракат келтирип, 10 миң сом акчасын жана кышкы күрмөсүн тартып алгандыгын билдирген.

Аталган факты 206-берене (тоноо) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү 30 жаштагы Ш. уулу З., Баткен облусунун тургуну экендиги аныкталган. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. Шектүүгө карата сот тарабынан баш коргоо чарасы каралып, 30-апрелге чейин камакка калтырылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10858