Кыргызстандын футбол боюнча кыздар командасы Тажикстанды 4:0 эсебинде жеңип алышты
RU

Кыргызстандын футбол боюнча кыздар командасы Тажикстанды 4:0 эсебинде жеңип алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын 17 жашка чейинкилер футбол боюнча кыз-келиндер курамасы Тажикстанды 4:0 эсебинде жеңип алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзу билдирди.

12-мартта башталган CAFA U-17 Women"s Championship 2023 турнири Борбор Азия футбол ассоциациясынын колдоосу астында өтүүдө.

Улуттук курамага 2 гол (дубль) алып келген Нурия Маматсулайманова беттештин мыкты оюнчусу болду. Ошондой эле Кристина Костюк менен Мырзайым Жузубахунова бирден гол киргизишти.

Оюндар Тажикстандын Гиссар шаарынын борбордук стадионунда 12-марттан 16-мартка чейин өтөт. Катышуучулар Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Ирандын кыздар командалары.

Эми Кыргызстандын курама командасы кезектеги беттешин 14-мартта Өзбекстандын командасы менен өткөрсө, эки күндөн кийин ирандык курама команда менен беттешет.

Мелдештин жобосу боюнча командалар бири-бири менен ойноп чыгат. Эң көп упай топтогон команда жеңүүчү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10859