Алмазбек Исманкулов Алымкадыр Бейшеналиевге койгон дооматынан баш тартты
RU

Алмазбек Исманкулов Алымкадыр Бейшеналиевге койгон дооматынан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 10-марттагы чечими менен Алмазбек Исманкуловдун мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоо боюнча доо арызы боюнча жарандык иш токтотулду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына юрист Кайсын Абакиров билдирди.

Маалыматка ылайык, Исманкулов буга чейин моралдык зыян үчүн Бейшеналиевден талап кылып жаткан 1 миллион сом кенемтеден да баш тартты.

"Доочу Исманкуловдун доо арызынан баш тарткандыктан иш кыскартылды", - деп кошумчалады жактоочу.

Исманкулов ар-намысты жана кадыр-баркты коргоо боюнча доо арыз менен 2022-жылдын июль айынын аягында Ленин райондук сотуна кайрылган. Иш бир нече кароодон өткөн.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министри болуп турганда Исманкулов атындагы Көз микрохирургиясы клиникасы жайгашкан шаардык оорукананын имаратына келип, имаратты бошотууну талап кылган. Ага карабай борбордун иштеп жатканын көргөн Бейшеналиев көз доктурду "лопух" деп атап, "24 жылдан бери Кыргызстанды тоноп жүрөсүң" деген билдирүү жасаган.

Эки тараптын ортосунда чырдан улам, Бейшеналиевдин Исманкуловго карата айткан сөздөрү коомчулукта талкуу, сын-пикирди жараткан.

Мындай сөздөрү үчүн Бейшеналиевге сөгүш жарыяланып, кийин ал кызматтан кеткен.

Доонун өзү Алымкадыр Бейшеналиевдин Исманкуловду шылуун деп атаганына байланыштуу болгон.

Исманкуловдун Бейшеналиевге койгон дооматтардан баш тартканын анын жактоочусу Максат Мендеков да тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10863