Колу кесилген ымыркайдан министр кабар алды. Сүрөт
RU

Колу кесилген ымыркайдан министр кабар алды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир колу кесилген ымыркайдан саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова кабар алды. Бул туурасында журналист Баяна Кулова жазып, министр менен ымыркайдын сүрөтүн жарыялады.

Айтымында, наристенин акыбалы жакшы.

Белгилей кетсек, Баяна Кулова Токтогулда дарыгерлердин шалаакылыгынынан наристе колунан ажыраганын жазган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын билдиришкен. Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын, окуяга тиешеси бар дарыгерлер менен медайымдар күбө катары суракка алынганын кабарлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10876