Оскар-2023: жеңүүчүлөр аныкталды
RU

Оскар-2023: жеңүүчүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лос-Анжелес шаарында 95-ирет "Оскар" сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Режиссер Дэн Кван менен Дэниел Шейнерттин "Бардыгы, бардык жерде, бардыгы бир убакта" тасмасы "Эң мыкты тасма" деп табылды. Бул тууралуу snob.ru билдирди.

"Бардыгы, бардык жерде, ошол замат" тасмасы "Эң мыкты режиссёр", "Мыкты монтаж" жана "Мыкты оригиналдуу сценарий" үчүн статуэтканы алды. Ал картина триумф болуп, бир эле учурда 7 Оскар алды. Бул тасмада роль жараткан малайзиялык актриса Мишель Йео "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгы менен сыйланды. Жейми Ли Кертис "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамын, Ке Хуи Куана "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамын жеңип алышты, экөө тең "Бардыгы, бардык жерде, бир убакта" тасмасында роль жаратышкан.

Оскар - 2023 сыйлыгын алгандар:

  • "Эң мыкты актер" - Брендан Фрейзер "Кит" тасмасынын башкы ролу;
  • "Эң мыкты адаптацияланган сценарий" - "Говорят женщины" киносу;
  • "Пиноккио Гильермо дель Торо"- анимациялык тасмасы дагы жеңүүчү деп табылды;
  • Канадалык режиссер Дэниел Роердин "Навальный" тасмасы "Мыкты даректүү тасма" номинациясында сыйлыкка ээ болду;
  • "Аватар. Путь воды" -"Эң мыкты визуалдык эффекттер" үчүн "Оскар" сыйлыгын алды;
  • "На Западном фронте без перемен" тасмасы "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясын жеңди. (жалпысынан 4 Оскар)
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10878