Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 миллион долларга кредит менен грант алат
RU

Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктан 50 миллион долларга кредит менен грант алат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика министрлиги Дүйнөлүк банктын "Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү" долбоорунан 50 миллион доллар алат. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-мартта Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында каражат электр энергиясын бөлүштүрүүнү жакшыртуу жана эсептөө системасын санариптештирүү үчүн.

Буга ылайык, 2022-жылы 5-октябрда кол коюлган тиешелүү келишимди парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети үчүнчү окууда колдоду.

Маалым болгондой, 25 миллион доллар грант түрүндө, калганы 38 жылга кредит катары берилет.

Жогоруда аталган каражатка 350 чакырым зым тартуу, көмөк чордондорду куруу, 1000 даана транформатор сатып алуу жана 600 миңге жакын акылдуу эсептегич орнотуу пландалган.

Эске салсак, министрлик 14-февралда "2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тариф саясаты" токтомун өзгөртүү боюнча сунушун коомдук талкууга алып чыккан.

Анда быйыл 1-майдан тартып калк үчүн бир кВт/саат тарифин 1 сомго көтөрүү сунушталган. Эгер бир айлык керектөө 1,5 миң кВт/сааттан ашса, 2 сом 16 тыйын болоору жазылган.

Ошол эле учурда калктын аз камсыз болгон катмарларына жеңилдетүү белгиленген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10888