"Конушам тааныштарына таянып, үйүмдү түрттүргөнү жатат". Төкөлдөштүн тургуну жардам сурайт
RU

"Конушам тааныштарына таянып, үйүмдү түрттүргөнү жатат". Төкөлдөштүн тургуну жардам сурайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салтанат Мамбетисаева 40 жылдан бери турган үйүнөн ажырап калуу коркунучунда турат. Анын кошунасы жерди басып алам деп, иш сотко өтүп, сот аткаруучулар турак-үйдү түрттүргөнү жатат. Бул тууралуу Мамбетисаева kaktus.kg редакциясына билдирди.

Анын айтмында, тиешелүү кызматтарга керектүү документтердин бары тапшырылган. Учурда үйдүн убакытуу тех. паспорту бар. Бирок, сотко берген кошунасы өзүнө кызыл китепти 2017-жылы сатып алып, ал эми Салтана Мамбетисаева "кызыл китеп" ала албай келет.

Мэриянын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы үйдү түрттүрүүнүн себебин "Мыйзамсыз салынган үй", "Корголгон аймак" деген жүйө менен түшүндүрүшкөн.

Белгилей кетсек, бул конуштагы турак үйлөрдүн жанында Горький көчөсүнөн Лев Толстойго чейин газ түтүгү өтөт.

Бирок, мыйзамсыз болсо "Эмнеге айрымдар кызыл китеп алып, айрымдар ала албай жатабыз",- дешет үй ээлери.

Бул маселе боюнча үйдү басып алам деген тарап комментарий бере элек.

Ал эми Мэрияга караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы маалымат берүүнү убадалады.

Редакция тараптардын дагы оюн угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10896