Кыргызстандын мугалимдери Россиядан билимин акысыз жогорулатса болот
RU

Кыргызстандын мугалимдери Россиядан билимин акысыз жогорулатса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандагы мектеп жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери үчүн Россияда акысыз негизде квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул туурасында Россотрудничество билдирди.

Кайра даярдоо жана кошумча билим берүү программасын Москва, Санкт-Петербург, Казань, Нижний Новогород, Псков, Иркутск жана башка шаарлардагы университеттер сунуштайт. Окутуу мөөнөтү эки жумадан 10 айга чейин.

Окутуунун багыттары:

  • орус тилин чет тил катары окутуу;
  • мектепке чейинки педагогика жана психология;
  • орус тили мугалимдери үчүн орус тил;
  • маданияттар аралык коммуникация;

Документтер 20-мартка чейин кабыл алынат. Жогорку окуу жайлардын тизмеси жана программасы менен шилтеме менен кирип таанышууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10899