Бишкексууканал: "Калыс-Ордо" конушунда канализациялар башкаруунун балансында эмес
RU

Бишкексууканал: "Калыс-Ордо" конушунда канализациялар башкаруунун балансында эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кaktus.kg редакциясынын call-борборуна Калыс-Ордо конушунун тургуну айрым жашоочулары Ала-Арча-1 каналына саркынды сууларды куюп жатышат деп кайрылган.

Бул маселе боюнча "Бишкексууканал" коммуналдык ишканасы билдирүү жасап, "Калыс-Ордо" конушундагы канализациялар жеке жактар менен салынганы үчүн башкаруунун балансында эместигин билдирди.

"Бул маселе Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын компетенциясына кирет."Бишкексууканал" ишканасы экологиялык коопсуздукту сактабаганы үчүн айып салууга укугу жок",-

деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10904