Шаарды булгаган таштандылар. Сүрөттөр жана мэриянын жообу
RU

Шаарды булгаган таштандылар. Сүрөттөр жана мэриянын жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-мартта Бишкектин айрым райондорунун жашоочулары таштандылар жыйналбай жатканын айтып, Kaktus.media редакциясынын Call-борборуна кайрылышкан.

Шопоков менен Бөкөнбаев көчөлөрү кесилишкен жерде:

Нина аттуу калаа жашоочусу таштанды көп учурда чогултулбай каларын айтты. Ал ошол эле маалда, таштанды чыгарууга тарифтин өскөнүн белгиледи.

"Буга чейин пенсионер таштандыга айына 4 сомдон төлөп келсе, февраль айында 26 сомдук эсеп (6,5 эсе кымбат) келип, таштанды челектеги бүгүнкү сүрөтүбүз мына ушундай", - деп нааразы болду ал.

Гоголь көчөсү 113

Автор үйүлгөн таштандыларды сүрөткө тартып жиберген.

Каралаев көчөсү

Дагы бир шаар тургуну Каралаев, 65/2 көчөсүндөгү таштандынын көрүнүшүн сүрөткө тартып жөнөткөн.

Сүрөттөр шаардыктардын нааразычылыгын келип чыгышын көрсөтүп турат:

"Көк-Жар" кичи району

Кичи райондун тургундары таштандылар өтө начар чыгарылып жатканына нааразы. Аталган аймакта төрт эле таштанды челек калган. Ала бат эле толуп калат.

"Таштанды баардык жерде. Мурун таштанды челектердин ичиндеги эле эмес, жанындагы дагы таштандыларды алып кетчү. Азыр бочкалардын ичин эле алып кетишет. Жерде жаткан таштандылар шамал менен учуп, жаныбыздагы каналдагы сууга барт. Ал жак кир болуп калды. Бирок таштандыга деген тарифти эки эсе көтөрүп салышты",- дешет тургундар.

14-мартта шаардыктардын кайрылуулары жарыялангандан кийин Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы "Тазалык" муниципалитетине шилтеме берүү менен атайын техниканын иштен чыгышынан улам Свердлов районунда таштанды чыгаруу графиги жоголгондугун билдирди.

"Үстүбүздөгү жылдын 14-мартында таштандыларды чыгаруучу экскаваторлору бар Howo маркасындагы жүк ташуучу унаалар кезекке чыгышкан. Муниципалдык ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурайт", - деп билдирди шаар бийлиги.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10906