Кыргызcтандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Тажикстанга барбоону сунуштайт
RU

Кыргызcтандын Тышкы иштер министрлиги жарандарын Тажикстанга барбоону сунуштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги дагы бир жолу өз жарандарына Тажикстанга баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт, анткени тажик тарап расмий билдирүүсүз Тажикстанстанга кирүүнү чектөөнү улантууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандын элчилигинин маалыматына караганда, чек арачылар Дүйшөмбү эл аралык аэропортуна келген кыргызстандыктарды киргизбей жатышат. Ошондой эле авиабилеттерди сатып алуу жана транзиттик зонада кайтып келүүчү рейсти күтүүгө байланыштуу кошумча каржылык чыгымдар пайда болууда.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:

  • 0999 31 20 02 (Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Бишкек шаарындагы Консулдук башкармалыгы);
  • +992 887 78 22 23 (Дүйшөмбү шаарындагы Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги).
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10908