Кайрат Иманалиев маданият министринин орун басары болду
RU

Кайрат Иманалиев маданият министринин орун басары болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Аталган министрликтен маалымдашкандай, тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Биринчи орун басарды эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Белгилесек, Кайрат Иманалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу УТРКнын башкы директорлугунан кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10911