Кербенде милиция кызматкери кармалды
RU

Кербенде милиция кызматкери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында күкүрт кислотасын сатууда милиция кызматкерлери кармалды. Маалыматты ИИМдин маалымат кызматынан Kaktus.kg сайтына биллиришти.

Милициянын беделин түшүргөн, мыйзамдуулукту бузуучулардан тазалоого багытталган иштердин алкагында 10-мартында Кербен шаарында мурда контрабандалык жол менен "күкүрт кислотасы" алынып келинген материалдарды сатуу учурунда Аксы РИИБдин кызматкери кармалды. Ал 1986-жылы туулган М.А. Анын үйүнөн 563 кг 700 гр күкүрт кислотасы алынган.

Буга чейин "контролдук сатып алуу" атайын операциясынын жүрүшүндө М.А. Ош облусунун аймагында 330 кг 950 гр "күкүрт кислотасы" прекурсорлорун саткан. Алынган прекурсорлордун жалпы салмагы 894 кг 650 гр. түзгөн.

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Кызматкео убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10917