Президент Садыр Жапаров Түркияга барат
RU

Президент Садыр Жапаров Түркияга барат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 16-17-мартта Түркиянын борбору Анкарага иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Сапардын алкагында мамлекет башчы Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын саммитинин кезексиз жыйынына катышат. Мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы: "Жаратылыш кырсыктардын алдын алуу жана гуманитардык жардам" болот",- деп айтты Азымбакиев.

Башкармалыктын башчысынын айтымында, жыйындын катышуучулары табигый жана техногендик коркунучтардан улам келип чыккан табигый кырсыктар, ошондой эле жамааттык чара көрүү маселелерин талкуулашат.

Саммитке Жапаровдон тышкары Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстандын лидерлери катышат. Венгриянын премьер-министри жана Түркмөнстандын Элдик Маслахаты Милли Генгешинин төрагасы байкоочу статусуна ээ болгон өлкөлөрдүн атынан чыгат.

"Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусу да пландалып, анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат", - деди Азымбакиев.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик, деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10919