Бишкектин кичи райондорунда эскертпей туруп үч күнгө газ өчүрүлдү
RU

Бишкектин кичи райондорунда эскертпей туруп үч күнгө газ өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Газпром Кыргызстан" 3- жана 4- кичирайондордо жашаган абоненттерине эскертүү бербей туруп газды өчүрүп салган. Бул тууралуу шаардыктар кабарлашты.

Жашоочулардан телефон чалууларына жабдыктар ондолуп жатат, ошондуктан бир нече күнгө газ өчүрүлдү, деп компания билдирген.

Айрым жарандарга, домкомдорго алдын ала эскертүу берлиген жана бардык ММКларга жарыя кылынган, деп операторлор жооп берип жатышыптыр. Бирок газдын өчө тургандыгы тууралуу эч жерде маалымат жок.

Кээ бирлерине операторлор бул "алардын көйгөйү эмес, жаңылыктарды окуп, электр плиталарын сатып алыш керек болчу", - деп орой жооп беришкен.

Андан кийин телефон чалгандарга, шаарыдктарга эскертүү берип жетишпей калгандыгын айтып, актанышкан.

Оператор менен диалог:

- Саламатсызбы. 3-кичирайонунда газ өчтү, себебин айтып коесузбу?

- 3- жана 4- кичирайондордо газ өчүрүлгөн.

- Качан?

- Бүгүн эртең менен.

- Качан кайра берилет?

- 31де, кечки 17:00дон кийин.

- Газ өчөт деп эскертүү бердиңер беле?

- Жок, жетишпей калдык.

- Кандайча жетишпей калдыңар? Анан жөн эле алып газды өчүрүп салдыңарбы?

- Жок, ал жерде жабдыктарды алмаштыруу боюнча ПЛАНГА кирген иштер жүргүзүлүп жатат.

- Силер абоненттерге газ өчөт, деп эскертүү бердиңер беле?

- Жок.

- Эмнеге?

- Жетишпей калдык.

- Жетишпей калдык дегениңер кандай? Жабдыктарды алмашуу чечимин бүгүн кабыл алдыңарбы?

- Ооба.

Редакциянын кайрылуусуна "Газпром" төмөнкүчө жооп кайтарды:

"4-кичирайону №50 үй дареги боюнча жайгашкан №1 газды көзөмөлдөөчү пунктун шкафы (мындан ары ШГРП №1) физикалык жактан эскилиги жеткенине байланыштуу, 2021-жылдын 29-мартында аны алмаштыруу боюнча иш башталды. Иштер орто басымдуулуктагы газопроводду 2021-жылдын 31-мартына чейин өчүрүлүшү менен коштолот. Анткени ШГРПнин жабдыктары табигый газдын басымдуулугун ортоңкудан төмөнкүгө чейин түшүрөт. Бул абоненттердин тиричиликте газды коопсуз колдонуусу үчүн жасалат".

Газ төмөнкү көчөлөрдо жок болот: Койбагаров көчөсү, Сүйөркулов көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Каралаев көчөсү.

Эмне үчүн алдын ала эскертүү берилген жок, аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1091