Өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына курал менен кирдиби?Чек ара кызматынын тактоосу
RU

Өзбек чек арачылары Кыргызстандын аймагына курал менен кирдиби?Чек ара кызматынын тактоосу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жараны тарабынан Кыргызстандын аймагына кирип келди делген Өзбекстандын чек арачылары тууралуу тартылган видео чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы билдирди.

Маалым болгондой, 12-март күнү Баткен облусунун Баткен районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Сай айылында жергиликтүү тургун У.Н аттуу жаран Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына курал-жарак менен кирип кетти видео тараткан.

Андан соң "Чыр-чатактын алдын алуу максатында" Айдаркен багыты боюнча Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү Сох багытында Өзбекстандан келген кесиптештери менен жолугушуу өткөрүштү.

"Жолугушуунун жыйынтыгында өзбек аскер кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузбаганы, бирок окуя болгон жерди текшерүү үчүн чек ара сызыгына жакын Өзбекстандын аймагында жүргөндүгү аныкталды деп айтылат маалыматта. Баткен районунун Сай айылынын тургундары менен сүйлөшүүдө өздөрүн туура алып жүрүшкөн".

Эки өлкөнүн чек арага чектеш облустарынын калкы арасында түшүнбөстүккө жол бербөө үчүн чек ара өкүлдөрү аскер кызматкерлеринин бардык аракеттерин макулдашып, тиешелүү органдарга алдын ала маалымат берип турууга макулдашышты.

Видеону жарыялаган Баткен районунун Сай айылынын жашоочусуна кырдаалды түшүндүрүлдү.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10920