Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек арасында унаалар тыгыны пайда болууда
RU

Чек ара кызматы: Кыргыз-өзбек чек арасында унаалар тыгыны пайда болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы "Достук – Автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда унаалардын топтолушу байкалууда. Бул тууралуу КР чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 15-мартта саат 17:55те Өзбекстандын "Дустлик - Автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жүк ташуучу жана жеңил унааларды каттоо системасында мүчүлүштүктөр болгон. Кыргызстандын чек арачылары айдоочулар арасында учурдагы кырдаалдытүшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, жарандар "Достук" өткөрмө бекетинен кадимки тартипте өтүп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10934