Өнөр жай комитетинин мурдагы жетекчиси Зилалиев кайра кармалды
RU

Өнөр жай комитетинин мурдагы жетекчиси Зилалиев кайра кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин

Козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМК тарабынан Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси З.Д.Т. (Дүйшөнбек Зилалиев) кайра кармалды.

"З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган жана алган акча каражаттарын кайтарып берген эмес",-деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде 2023-жылдын 15-мартында З.Д.Т. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, Зилалиев 2017-жылы ал вице-премьер-министр болуп иштеп турган. Аган чейин Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеген.

Эске салсак, буга чейин Зилалиев мыйзамсыз баюу боюнча айыпталган. УКМКнын кызматкерлери анын батирин тинтүү учурунда бир нече миллион сом, 100 миң доллар, баалуу буюмдарды, ошондой эле Бишкек шаарындагы кыймылсыз мүлккө тиешелүү документтерди табышкан. Зилалиевдин жактоочусу мунун баары мал сатуудан түшкөн акчага сатылып алынганын жүйө келтирди.

Ошондой эле буга чейин Зилалиев президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында бомба коюлганы тууралуу маалымат тараткан деп айыпталган. Сот Зилалиевди эки жыл сыноо мөөнөтү менен шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле сот буга чейин анын мүлкүн – беш батирди, эки кеңсени, коттедждерди, 104 миң доллар, 3 миллион сом, сааттарды жана телефондорду конфискациялоо чечимин чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10944