Улуттук госпиталдын башкы дарыгери коррупцияга шектелип кармалды. Видео
RU

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери коррупцияга шектелип кармалды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери УКМК тарабынан кармалды. Коопсуздук комитеттен билдиришкендей, медицина кызматкерлеринен акча талап кылуу боюнча 20дан ашык факты катталган.

Ал эии Улуттук госпиталдын башкы дарыгери М.Т.И практикалык дарыгер болуп туруп, жеке кызыкчылыгын көздөп, бөлүм башчыларына жана дарыгерлерге адам чыдагыс шарттарды түзүп, бейтаптардан системалуу түрдө акча алууга жана ага акча которууга мыйзамсыз мажбурлап, ошондой эле бир жолку реквизицияларды жүргүзгөн. Ошондой эле мыйзамсыз мамлекеттик сатып алуулар болгон.

  • 2022-жылдын октябрь айында иммуномодуляциялоочу дары-дармектерди (төмөн жана жогорку дозада интерферон, окрелизумаб жана ритуксимаб) жеткирүү боюнча тендердин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү компания ашыкча баада жеткирилген, анын натыйжасында бюджет 36 млн 205 миң 791 сом зыян тарткан.
  • 2022-жылдын май айында дары-дармектерди: милдронат, пропофол жана магний сульфаты, ошондой эле 25 млн 510 миң 700 сомго медициналык кол каптарды сатып алуу үчүн М.Т.И. Дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар департаменти менен рынокко мониторинг жүргүзүү жана бааларды макулдашуусуз, белгиленген тартипти бузуу менен туунду компаниялар менен мыйзамсыз келишим түзүп, бир булактан сатып алуу ыкмасы колдонулган. Муну менен бюджетке 11 миллион 723 миң сом зыян келтирилген.
  • Белгилей кетсек, стерилдүү эмес медициналык кол каптардын бир пакетинин рыноктук чекене баасы 500 сомдон ашпайт, ал эми госпиталь аларды бир пакетке 1200 сомдон, 5 млн 356 миң сомго сатып алган.

Ошентип мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө жана 40 миллион сомдон ашкан зыян аныкталды.

Азыркы учурда УКМК тарабынан башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10945