Басма сөз катчы: Садыр Жапаров Түркияга жеке бизнес учагы менен барды
RU

Басма сөз катчы: Садыр Жапаров Түркияга жеке бизнес учагы менен барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Түркияга Embraer бизнес-учагы менен барды. Бул маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Kaktus.media редакциясына тастыктады.

Анын айтымында, президенттик аппарат күйүүчү майдын баасын гана төлөгөн.

"Учурда учакты лизингге каттоо процедурасы аягына чыга элек. Андыктан компаниянын ээси менен макулдашуу боюнча кыргыз тарап күйүүчү май үчүн гана чыгым тарткан. Делегация Embraer брендинин бортунда келди", - деп түшүндүрдү ал.

Kloop редакциясы Flightradar24 сервисинин жардамы менен Жапаров Анкарага Air X Chapter бизнес-учагы менен учуп келгенин аныкташкан, борттун үлгүсү Embraer Lineage 1000.

"Мындай учакта бир саат учуунун баасы 14 миң 850 доллар турат", - деп жазат Factcheck.kg.

Эске салсак, Жапаров Анкарага Түрк мамлекеттер уюмунун кезексиз саммитине катышуу үчүн барган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10948