Окурман: Эшперов айылындагы мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайдын саркынды суулары көлгө агат
RU

Окурман: Эшперов айылындагы мыйзамсыз таштанды төгүүчү жайдын саркынды суулары көлгө агат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg редакциясынын call-борборуна Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Жумаш Эшперов айылынын тургуну кайрылып, таштандынын саркынды сууралы көлгө акчу сууга аралашып, көлдү булгап жатканын жазды.

Анын айтымында Жумаш Эшперов айылында мыйзамсыз таштанды таштоочу талаа бар. Өрт өчүрүү кызматы тарабынан өрт коопсуздугуна гана байланыштуу уруксат кагаз берилген. Айыл өкмөттүн башка уруксат документи жок.

"Таштанды таштоочу талаага өлгөн малдар (тарп) ыргытылат"

"Ал жерге өлгөн малдар ыргытылат. Таштанды талаасынын жогору жагында жайгашкан эгин талаасын сугаруу маалында - андан аккан суулар таштандылар менен чоогу көлгө куюлган сууларга барып аралашат", -деди ал.

"Көлдү булгап жатат"

Жергиликтүү тургун алты жылдан бери төгүлгөн таштандынын саркынды суулары көлдү булгап эле эмес, жерлиликтүү жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет деп кооптонууда.

"Бул таштанды талаасы эки коктунун ортосунда жайгашкан. Жаан биз жакта көп жаайт. Алты жылдан бери чогулган таштанды, ага кошулуп, өлгөн малдардын эти жерден жок болуп кетпейт да. Мал соо болсо ыргытылмак эмес. Демек, бул жерде ооруп, эти жегенге жарабай калган малдардын эти жатат. Ошонун баарынын саркынды суусу көлгө ага турчу таза сууларга кошулуп жатпайбы",-деди жашоочу.

"Айыл өкмөт өлгөн мардарды ыргытканга уруксат берип койгон"

Жашоочу бул көйгөй менен айыл өкмөткө барганда өлгөн малды ыргытканга болот деп жооп беришкен.

"Бул Жумаш Эшперовдун өлгөн мал жандыктарды ыргыткан баккери. Ал айыл өкмөткө жарайт экен. Мыйзамга туура келет экен. Алар жарайт деди. Таштандынын өзүнөн эле жерди каздырып койгон. Ал жакта адамдын өлүнөн башкасынын бары бар"-деди жергиликтүү тургун.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10952