Бишкекте "Кыргызстан-Пакистан" соода үйү пайда болот
RU

Бишкекте "Кыргызстан-Пакистан" соода үйү пайда болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте Кыргызстан - Пакистан соода жана инвестициялык форуму өттү. Анын алкагында "Пакистан-Кыргызстан" соода үйүн түзүү боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Агенттиктин директору Умбриэл Темиралиев Кыргызстан менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана ишкердик мамилелерди чыңдоо үчүн мындай иш-чаранын мааниси чоң экенин белгиледи.

"Бүгүнкү иш-чара ишкерлердин кызматташтыгын активдештирүү үчүн B2B форматындагы жолугушууларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк ачат", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстанга ири жана орто бизнес өкүлдөрүнөн турган пакистандык бизнес-делегация келген.

Буга чейин Кыргызстан-Пакистан илимий фондун түзүүнү макулдашып, эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосунда академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү сүйлөшүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10953