"Бийликте колдоочусу болгон". "Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө
RU

"Бийликте колдоочусу болгон". "Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кыргызнефтегаз" ишканасынын мурдагы жетекчиси коррупцияга шектелүүдө. УКМКнын маалыматына караганда, ал өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткен.

Белгиленгендей, 2017-2020-жылдар аралыгында "Кыргызнефтегаз" башкармалыгынын төрагасы Б.Р.А`нын жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн келишимдерди түзүү максатында жалданма фирмалардын тармагын уюштуруу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Ошол эле учурда базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырма (1 литр мунай продуктылары үчүн) 5 сомду түзүп, ал айырмачылык "Кыргызнефтегаздын" жетекчилиги, ошондой эле бийликтин жогорку баскычтарындагы алардын колдоочулары тарабынан өздөштүрүлгөн.

Жогорудагы иш-аракеттерден кийин аталган фирмалар жоюлуп, төлөнбөй калган салыктар 400 миллион сомдон ашык экени аныкталды.

Белгилей кетүүчү нерсе, Б.Р.А. 4 жылдык башкаруу учурунда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Жетекчилик алмашкандан кийин аталган коррупциялык схеманы жоюу менен акыркы 2 жылда (2021-2022-жылдары) ишкананын таза кирешеси 5 миллиард 800 миллион сомдон ашык сумманы түздү.

Бул факты боюнча "Коррупция" беренеси менен иш козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө "КыргызНефтегаздын" мурдагы жетекчилиги тарабынан 300 миллион сомдон ашык суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алуу фактылары аныкталып, алар учурда камакка алынды. Аны менен биргеликте бул коррупциялык схеманы уюштурууга көмөктөшкөн 4 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына киргизилди.

Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10961