Ысык-Көлдөгү пансионаттын бириндеги сауна алынат. Ээси айыпка жыгылды
RU

Ысык-Көлдөгү пансионаттын бириндеги сауна алынат. Ээси айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө пансионаттын ээси айыпка жыгылып, пирстеги саунаны бузууга мажбурланды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлдөө башкармалыгынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын инспекторлору пландан тышкаркы текшерүү учурунда "Радуга+" пансионатынын пристанынан мыйзамсыз иштеген сауна табышкан.

Инспекторлор тарабынан административдик айып салынып, саунаны пансионаттын ээсинин эсебинен демонтаждоо боюнча акт түзүлгөнү кабарланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10963