Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары митингге чыгышты
RU

Бишкекте Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын жакындары митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-мартта Бишкектин Горький сейил багында Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын туугандары жана тарапташтары нааразычылык акциясына чыгышты.

Митингге 150гө жакын адам чогулду. Алар эч кандай лозунгдарды айтышкан жок, бирок колдорунда плакаттар менен турушат.

Эске салсак, 9-10-мартта шаардык сотто Асия Сасыкбаева, Таалайбек Мадеминов, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев, Айбек Бусурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Улукбек Маматаев, Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Гүлнара Журабаева, Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасын өзгөртүү канааттандырылган эмес. Райондук соттун буга чейинки чечими күчүндө калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10965