Каныбек Иманалиев Гапыр Мадаминовду кеңешчи кылып дайындады
RU

Каныбек Иманалиев Гапыр Мадаминовду кеңешчи кылып дайындады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев өлкөнүн Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов менен жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, алардын жолугушуусу 16-мартта болду.

Жолугушууда Гапыр Мадаминов мектеп, ата-эне, бала байланышынын маанилүүгүнө токтолуп, директорлор мектебин жана креативдүү мугалимдер кеңешин түзүү зарылдыгын белгиледи.

Министр билимдүү коом үчүн жан үрөгөн, тажрыйбага мол агартуучулар менен иштештүүгө, кеңешин угууга даяр экендигин айтып, Гапыр Мадаминовду коомдук башталыштагы кеңешчи кылып дайындады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10973