Эдил Байсаловдун айдоочусуна 18 миң сом айып пул салынды
RU

Эдил Байсаловдун айдоочусуна 18 миң сом айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун айдоочусу жасалма номер менен жүргөндүгү үчүн айыпка жыгылды. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан маалыматты ырасташып, айдоочуга 18 миң сом айып салынганын билдиришти.

Белгилүү болгондой, 15 миң сом - жасалма номер менен жүргөндүгү үчүн, 3 миң сом - Спорт ордосу жактагы жөө адамдар үчүн тротуардан өтүп кеткендиги үчүн салынган.

"Ford Mondeo унаасына башка эле унаанын номери тагылганын аныктадык", - дешет Кайгуул кызматынан.

Буга чейин Эдил Байсаловдун унаасы Спорт ордосу жактагы тротуардан өтүп жатканы тууралуу видео жарыяланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10974