Тигүүчүлөр өкмөт менен жолугуп, көйгөйүн айта алат. Дареги жана убактысы
RU

Тигүүчүлөр өкмөт менен жолугуп, көйгөйүн айта алат. Дареги жана убактысы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

22-мартта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тигүү тармагында иштегендерге жолугат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар бийликке ар кыл көйгөй, чечилбей жаткан маселелерди айта алышат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы жолугушууга тигүүчүлөр, жеңил өнөр жайчылар, тигүүчүлүк менен алектенген ишкана жетекчилери келип, бар көйгөйлөрдү бийлик өкүлүнө түз айтууга болот деп билдирди.

Бакыт Төрөбаев менен болгон жолугушуу 2023-жылдын 22-мартында саат 16:00дө Экономика жана коммерция министрлигинин кеңсесинде (Бишкек ш., Чүй проспекти, 106) болот.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10975