Кандай жерлер мыйзамдаштырылбайт? Тизме
RU

Кандай жерлер мыйзамдаштырылбайт? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Коммуналдык кызматтардын зымдары, курулмалары өткөн, жалпы пайдалануудагы жер менчикке өткөрүлбөйт. Бул тууралуу Жерге мунапыс берүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отурумунда айтылды.

Анда жумушчу топтун мүчөлөрү кандай үйлөрдү мыйзамдаштыруу мүмкүн эместигин түшүндүрүп беришти.

Кандай жерлерге "мунапыс" берилбейт?

  • таштанды таштоочу жайлардын аймагында уруксатсыз курулуш жүргөн жер тилкелери;
  • газ түтүктөрү, жогорку чыңалуудагы электр чубалгылары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдүн, мал көмүлгөн жерлердин тилкелери;
  • социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин курууга арналган жерлер;
  • калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери;
  • экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген жерлер;
  • сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар аймагына кирген жер тилкелери;
  • тарыхый-маданий мурас объектилери бар жер, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объектилери, маданият жана эс алуу парктары, ботаникалык парк;
  • "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери" жана "Суу фондунун жерлери" категорияларындагы жерлер;
  • үрөн, асыл тукум чарбаларынын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илим-изилдөө мекемелеринин жер тилкелери.

Жумушчу топтун жетекчиси президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев мамлекеттик органдарга жана административдик ведомстволорго бир катар тиешелүү тапшырмалар берди.

"Айрым учурларда мыйзамдык карама-каршылыктарга жана айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан улам маселе келип чыккандыктан, эл чоңдордун босогосуна келип, убактысын жана нервин коротпоосу зарыл", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10978