Акыйкатчы: Укук коргоочулар келинди кайнисинин көзүнчө зордукташкан
RU

Акыйкатчы: Укук коргоочулар келинди кайнисинин көзүнчө зордукташкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова аялдардын укугу тууралуу маек куруп жатып, түштүк жергесиндеги кейиштүү окуяны айтып берди.

Айтымында, жабыркаган тарап чындык таппай жүрөт.

"Укук коргоо кызматкерлери келинди кайнисинин көзүнчө зордукташкан. Экспертиза убагында жасалбай, бул ишти башка кишилердин мойнуна илип койгон. Алар өмүр бою соттолуп кетишкен. Ал эми келин азыркы күндө чыркырап чындык таппай жүрөт. Бул окуяны президентке да, депутаттарга да айтып жатам. Экспертизасын бир жылдан кийин дайындашты. Бир жылдан кайсы зордуктоону далилдейсиң? Ал келин айтат "кош бойлуу болчумун" деп. Экспертиза боюнда болгон эмес деп атат", - деп айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10982