Мектептерде кадимки коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырат
RU

Мектептерде кадимки коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектептерде кадимки коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечимди министр Каныбек Иманалиев кабыл алган.

Учурда демилгени жүзөгө ашыруу үчүн иштер аткарылып жатат.

"Чечим кабыл алынган. Азыр документ менен байланышкан иштер аткарылып жатат. Кайсыл убактан баштап коңгуроонун ордуна комуз күүсү жаңырып баштарын алдын ала айтабыз",-деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10999