Өлкөдө кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу жыйынтыкталды
RU

Өлкөдө кыргыз-индия биргелешкен машыгуусу жыйынтыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда "Канжар – Х" биргелешкен кыргыз-индия машыгуусу жыйынтыкталды. Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуу атайын багыттагы күчтөрдүн ортосунда өттү.

Машыгуунун активдүү фазасында мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү тоолуу шарттарда жок кылуу боюнча биргелешкен атайын тактикалык эпизоддорун көрсөтүштү.

Биргелешкен машыгуунун планы боюнча тактикалык, тоо, аскердик-медициналык, ок атуу даярдыгы боюнча, чабуул учурунда имараттын ичиндеги аракеттердин тактикасы жана экстремалдык шарттарда аман калуу техникасы боюнча практикалык сабактар өткөрүлгөн.

Эскерте кетсек, эки дос мамлекеттин коргоо ведомстволорунун ортосундагы атайын багыттагы бөлүмчөлөр менен "Канжар" биргелешкен машыгуусу жыл сайын өтүп, былтыркы жылы Индия Республикасынын аймагында өткөрүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11003