Ысык-Көлдө аэропорттун кулап калган тосмосун подрядчы фирма кайра калыбына келтирет
RU

Ысык-Көлдө аэропорттун кулап калган тосмосун подрядчы фирма кайра калыбына келтирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусундагы аэропорттун тосмо дубалы катуу шамалдан улам кулап калды. Бул боюнча президенттик администрациядан түшүндүрмө беришти.

Дайырбек Орунбековдун айтымында, "Тамчы" эл аралык аэропортунун айланасын тосуу боюнча "Кыргызстройсервис" ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөн.

"2023-жылдын 18-март күнү Ысык-Көл облусунун аймагында катталган катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек участоктогу дубал урап калган.

Тосмо дубалдын кулап калышы боюнча подрядчы фирма чыгымды өз мойнуна алат жана кайра калыбына келтирет.

Калган аралыктагы дубал талапка ылайык бетондолгон. Учурда ураган дубалды тазалоо, ордун ирээтке келтирүү жана кайра тургузууга даярдык көрүү иштери жүрүп жатат.

Тосмо дубалдын сапаты боюнча "Кыргызстройсервис" ишканасы өткөрүп алуу учурунда дыкат текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берсе гана кабыл аларын белгилейбиз", - дешет администрациядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11008