Бишкек шаарында лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча республикалык чемпионат өттү
RU

Бишкек шаарында лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча республикалык чемпионат өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

27-28-март-күндөрү "Газпром-Кыргызстан" мектебинде (Бишкек шаары) лоу-кик бөлүмүндө кикбоксинг боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн жети облусунан жана Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Токмок шаарларынан 100дөн ашуун спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана 2-,3-орунду ээлеген спортчулар медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын кикбоксинг, тай боксу жана ушу федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1100