Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жерлерди мыйзамсыз бөлүп бергенге шектелүүдө
RU

Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы жерлерди мыйзамсыз бөлүп бергенге шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Сокулуктун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Ал жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын 13-декабрында 337-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-берене (Документтерди жасалмалоо) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу каналына бөгөт коюлган. Бул факты боюнча Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 кагазы) жана буюмдар табылган.

Ушул жылдын 17-мартында Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11012