"Мурда билбей акча алгам". Айдоочулардан пара албаган жол тескөөчү баланын бир күнү
RU

"Мурда билбей акча алгам". Айдоочулардан пара албаган жол тескөөчү баланын бир күнү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетте эреже бузган айдоочуга эскертүү берип, акча сунса "пара албайбыз" деген балдар талкууга алынган. Алардын бири Алымбек Абдыраимов, Бишкектеги №18 мектептин 1-классынын окуучусу.

Алымбектин бир күнү менен Kaktus.kg сайты таанышып келди. Келечекте жол тескөөчүсү болгусу келгенин айткан окуучу аптасына бир күн эс алат экен. Ал эми калган күндөрү сабактан тышкары убакта өзү жашаган көчөгө формасын кийип чыгып, айдоочуларду токтотуп, документтерин текшерет. Эреже бузгандары болсо эскертүү берет.

"Айдоочулар ылдамдыкты ашыра айдап, курду тагынышпайт. Мен аларды токтотсом акча сунушташат. Кичинекей кезимде алгам, анда түшүнчү эмесмин. Кийин атам "албай жүр" деп айткандан кийин акча албай калгам", - дейт ал.

Алымбектин 5 жаштагы иниси Адилет дагы агасынан үлгү алып жатыптыр. Ал дагы форма кийип жол тескейт. Бир туугандарга кошунасы да кошулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11021