Австралияда миллиондогон жансыз балыктар дарыянын жээгин каптады
RU

Австралияда миллиондогон жансыз балыктар дарыянын жээгин каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Австралияда миллиондогон жансыз балыктар дарыянын жээгин каптады.

Ири масштабдагы балыктардын өлүмү биринчи жолу жума күнү эртең менен Жаңы Түштүк Уэльстин (NSW) Менинди шаарында катталган.

Штаттын бийлиги буга Дарлинг Баака дарыясына таасир эткен ысык толкундар себеп болгонун айтышты.

"Климаттын антропогендик өзгөрүшүнөн улам ысык толкундар тез-тез болуп, интенсивдүү жана узакка созулуп жатат. Өнөр жай доору башталгандан бери дүйнөдө аба ырайы 1,1°Cге жылыды жана дүйнө жүзү боюнча абага зыяндуу заттарды чыгарууну кыскартпаса, температура жогорулай берет",- деп кооптонушууда жергиликтүү экологдор.

Учурда Австралия Жаңы Түштүк Уэльстин (NSW) батышындагы дарыяда миллиондогон балыктар өлгөндөн кийин массалык тазалоо иштери жүрүп жатат.

Полиция жергиликтүү тургундарды суу менен камсыздоо "жогорку сапатта" каларын ишендирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11022