АКШ Кытай лидерин Зеленский менен сүйлөшүүгө чакырды
RU

АКШ Кытай лидерин Зеленский менен сүйлөшүүгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-мартта Америка Кошмо Штатынын "Ак үйүнүн" стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби АКШ Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Москвага болгон сапарынын жыйынтыгында Владимир Зеленский менен сүйлөшүүсүнө кызыктар экенин билдирди.

Жон Кирби CNNге берген маегинде Кытай менен Россия лидерлеринин жолугушуусу боюнча комментарий берип жатып: "АКШ Си Цзиньпин менен байланышып, Украинанын көз карашын угушун каалайбыз" деп айтканын ырастады.

Эске салсак, буга чейин эл аралык басылмалар Си Цзиньпин Москвага баргандан кийин Владимир Зеленскийге телефон чалышы мүмкүндүгүн жазып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11023